-
көтөр
-
этиш 1. Мурунку ордунан өйдөлөтүү, жогоруга чыгаруу, колго алуу. Калк жабыла кетмен, күрөктөрүн көтөрдү (Убукеев). Туу көтөргөн элди ырдайлы, Асты токто дебечи (Маликов). - 2. Көтөрмөлөө, колдоо, өстүрүү, жогорулатуу. [Чоголоев] жаштарды көтөрүп жатат. Мунун баары жакшы иш (Каимов). Тарбиялап көтөрдүң Кедей менен жакырды (Барпы).
- 3. Куруу, тургузуу, тигүү (дубалды, боз үйдү ж. б.). Көтөрүп койгон үйү жок, Көрүшүп келген бийи жок («Эр Табылды»). Бул дубалды ким көтөргөн? (Турусбеков).
- 4. Ишке, кызматка, бийликке коюу, дайындоо. Алты миң түтүн кыргызга Хан көтөрүп коёюн («Эр Табылды»).
- 5. Бийиктетүү, катуулатуу (мис., үндү, дабышты). Салык ишенимдүүлүк менен үнүн көтөрө сүйлөдү (Каимов). Нагыз элдик обонго салып, кайруусун бийигирээк көтөрөт (Сыдыкбеков).
- 6. Чыдоо, моюн сунуу, көнүү. Эркелесем эркелигим көтөргөн, Меңин энем — кагылайын кыргыз эл (Үмөталиев).
- 7. Ичип жиберүү (ичкиликти)! Кана, жеңиштен кийин таттуу көрүшүү үчүн ушул ачуу аракты көтөрөлүк (Сыдыкбеков).
¨ Баш көтөрүү к. баш. Бой көтөрүү к. бой. Көөдөнүн көтөрүү к. көөдөн. Мурдун көтөрүү к. мурун I. Сиркеси суу көтөрбөө — чыртылдоо, кыртышы сүйбөө, эч нерсени жактырбоо. Көкүрөгүн көтөрүү к. көкүрөк. Түп көтөрө — жабыла, жапырт, баары тең. Түп көтөрө эл-журттун, Баарын чогуу жыйнады («Эр Төштүк»). Бүгүн таң азандан тартып эле бүткүл Ак-Буура бою түп көтөрө ордунан турду (Абдукаримов).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
көтөр