Меню
Эл-Сөздүк

булга-

булга- (жанда-)

булга-

булга- (кирдет-)

булга

I этиш. 1. Кирдетүү, кир жугузуу, булганч кылуу. [Динар] Аскардын таптаза урунган күндөлүгүн өзүнүн ири-ири жазуулары менен булгап койгонуна өкүндү (Сыдыкбеков). Өтүгү жаман төрдү булгайт, оозу жаман элди булгайт (макал).
2. өт. Жаманатты кылуу, жамандоо. [Павлик].. пионердин кочкул галстугунун сыймыгын булгабады, таза тутту (Бейшеналиев).
БУЛГА II этиш. 1. Имере айландыруу, имере шилтөө. Буралтып тууну көккө булгаймын (Үмөталиев). Болот учтуу сыр найза, Булгап колго алганы («Манас»).
2. Ушундай кыймыл менен чакыруу, белги берүү; жаңдоо. Ак шайы жоолук колго алып, Булгасаң боло, Алымкан (Токтогул). Өздөрүнчө маектешип кол булгап, Келин-кызга бирдемелеп күлүшөт (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: