Menu
Эл-Сөздүк

шалакта

этиш. 1. Катуу, ыкчам жүрүш менен жүрүү, жүгүрүү. Шалактап катуу жүрүш менен бараткан атчандар.
2. Шалкылдоо. Сынган колу шалактап калды. Буту-колу шалактап, жыйналып отурууга жарай албады («Ала-Тоо»).
3. Алдан тайып, муун-жүүнү бошоо, алсыроо. Бүткөн бойдун баарысы, Күчтөн тайды шалактап («Эр Төштүк»).
4. Олдоксун, обу жок жүрүш-турушта болуу, адепсизденүү. Баягыдай шалактай бербей, адептүү, уяттуу киши болсоңчу («Чалкан»).
5. Токтобой, тынымсыз чыгуу, агуу (мис., тер). Таш эмчек ийип кеткенсип, Шалактап тери агыптыр (Токобаев).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: