-
КАНЖА
-
КАНЖА (кыт. ганцзы) — тамеки салып тарта турган түтүк. Эпосто көбүнчө кытай-калмак баатырларынын (мисалы, Макел дөө, Коңурбай) түрү сууктугун, алптыгын көрсөтүү үчүн алардын өздөрүнө таандык опсуз зор буюм катары сүрөттөлөт.
Капчыгынан бу доңуз
Канжасын сууруп алганы,
Канжасына салганы
Алтымыш чейрек тамеки,
Аз бөксө болуп калганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 233).
Эпостогу сүрөттөөлөр боюнча К. колодон, алтындан жасалат: «Алтын найлуу чоң канжа, Жаткан экен дат басып, Найын жарып ат басып» (Сагымбай Орозбаков, 4. 276—277). Мындай К-нын баасы кымбат экени төмөнкү эпостун саптарынан көрүнүп турат: «Алиги алтын канжанын, Аз болгондо капырай, Он жети байтал баасы бар» (Сагымбай Орозбаков, 4.277). К-ны кыргыздар да колдонгондугу белгилүү. К. кыргыз тилине кытай тилинен кирген. Бул болсо кытай эли менен кыргыз элдеринде революцияга чейин маданий карым-катнаштардын болгондугун айгинелеп турат.
Найдены по другим направлениям
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | канжа |
Множ. число | канжалар |
Склонение по падежам - "канжа"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | канжа |
Родительный Чей? | канжанын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | канжага |
Винительный Кого?, Что? | канжаны |
Местный Где?, У кого? | канжада |
Исходный Где?, У кого? | канжадан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | канжалар |
Родительный Чьи? | канжалардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | канжаларга |
Винительный Кого?, Что? | канжаларды |
Местный Где?, У кого? | канжаларда |
Исходный Откуда?, От кого? | канжалардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КАНЖА