Меню
Эл-Сөздүк

ИЛЕ

ИЛЕ — топоним. «Манастын» көпчүлүк варианттарында кыргыздын жери катары сүрөттөлөт:
Кордой менен кол салып,
Көл-Камышка жол салып,
Ашкан журтум барсыңбы?
Ары багыт кең Иле
Түшкөн журтум, барсыңбы? (Сагымбай Орозбаков, 4. 63).

Ошондой кылымдарда кыргыз элинин бир бөлүгү И., Эртиш бойлорунда көчүп-конуп өткөн жагдайлары болгон. И-нин эпосто чагылдырылып калышы мына ошол тарыхый окуяларга байланыштуу. Эпосто кытайдагы тескей менен күңгөй сууларынын кошундусунан пайда болуп, Казакстандын территориясынан узундугу миң чакырымдан ашуун аккан чоң суу жөнүндө да айтылат:
Ошо Кең Илени кыдырып,
Чоң Бууранын боюнда
Алты күнү жатам дейт
Ат сергитип өтөм дейт,
Кең Илени кеме менен кечем дейт
Кең Кулжаны тегерене өтөм дейт (Радлов жазып алган вариант,4)

Географиялык реалияда Казакстан менен Кытайдагы дарыя, Текес менен Күнөс (Күнгес) дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Балкаш көлүнө куят.

иле

зат.Айла. амал. Илбирс менен жолборсту, Илесин таап кыйраткан (Тоголок Молдо). Ителгинин улугун Илеси артык шумкар дейт (Тоголок Молдо).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саниле
Көптүк санилелер
Синонимдери
тага
Байланыштуу сөздөр
түшүрүү
чечүү
бекитүү
асуу
тагуу
илүү
Жөндөлүшү - "иле"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?иле
Илик Кимдин? Эмненин?иленин
Барыш Кимге? Эмнеге?илеге
Табыш Кимди? Эмнени?илени
Жатыш Кимде? Эмнеде?иледе
Чыгыш Кимде? Эмнеде?иледен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?илелер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?илелердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?илелерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?илелерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?илелерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?илелерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: