|
күчүк
|
|
1. щенок; волчонок; тигрёнок; Кегетинин коосунун ичинде эки күчүгү менен бир жолборс жатыптыр вдруг оказалось, что в ложбине Кегеты лежат тигр и два тигрёнка; ак күчүгүм, жүгүрө-жүгүрө, бооз болду загадка мой белый щенок бегал-бегал и забеременел (отгадка ийик веретено); 2. почка (растения; ср. бүчүр); 3. серёжки (напр. у тальника, ивы); кырчын талдар күчүгүн түшүрүп, майда-майда бүрлөрү жалбырактай баштады ива-бредина сбросила серёжки и начала покрываться мелкими листочками; үй күчүк сидень (тот, кто всё время сидит дома); үй күчүк болуп эле, эч кайда чыкпайт он сиднем сидит и никуда не выходит; күлдүү күчүк забитый, измученный грязной работой по дому (чаще о женщинах и детях); кээ бир наадандар жаш кыздарга үйлөнөр замат аларды эч кайда чыгарбастан үйлөрүнө камап, күлдүү күчүк кылып коюшат некоторые невежды, только женившись на молодых девушках, запирают их дома, никуда не выпускают и превращают в своих служанок; ала күчүк кошки-мышки (игра; букв. пегий щенок); сүткө тийген күчүктөй как нашкодивший (букв. коснувшийся молока) щенок; сүткө тийген күчүктөй кайдадыр жашынган он куда-то спрятался, будто нашкодивший щенок; күчүк тувар южн. вид грифа; сары күчүк то же, что албарсгы.
|