|
Өнөржайлык өнүктүрүү боюнча бириккен улуттар уюму (юнидо)
|
|
ӨНӨРЖАЙЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (ЮНИДО) – жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн өнөржайын өркүндөтүү максатын көздөгөн БУУнун адистештирилген мекемеси. 1966-жылы БУУнун өзалдынча органы катары түзүлгөн. 171 мамлекеттен турган мүчөсү бар. ЮНИДОнун иши ыкчам жана жардамчы болуп бөлүнөт. Ыкчам – жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн белгилүү бир долбоорлорун эксперттерди жөнөтүү, кеп-кеңеш берүү, адистерди жеткирүү ж. б.) ишке ашырууга техникалык жардам көрсөтүү; жардамчы – өнөржайлык өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтарды топтоо, талдоо, жарыялоо, изилдөөлөрдү уюштуруу, конференцияларды өткөрүү.
|