-
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жери
-
ӨЗГӨЧӨ КОРГОЛУУЧУ ЖАРАТЫЛЫШ АЙМАКТАРЫНЫН ЖЕРИ – мамлекеттик коруктардын, улуттук жаратылыш парктарынын, заказниктердин (аңчылык кылуучу жерлерди кошпогондо), жаратылыш эстеликтеринин, ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын, денсоолукту чыңдоо багытындагы жаратылыш аймактарына караштуу жерлер. Бул жерлердин курамына ошондой эле экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, рекреациялык жана дарылоо-денсоолукту чыңдоо жагынан өзгөчө мааниси бар жаратылыш топтолгулары жана объектилери бар жер участоктору кириши мүмкүн. Ө. к. ж. а. ж. тартиби жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдардын талабына жана башка атайын мыйзамдарга ылайык белгиленет.
Найдены по другим направлениям
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жери