Menü
Эл-Сөздүк

эс

эс (акыл)
эс-акыл
эс-акылын жыйуу
эс-акылына келүү
эс ал
эс алуу
эс баскычтары (комп.)
эс-дарты, эси-дартын
эс-мас
эс оо
эс-уч
эс-учун жыйноо
эс-эс билүү
эси жарым
эси жок
эси кетүү
эси-көөнү
эси-көөнүн калтыруу
эси-көөнүнөн калбоо
эси ооп калуу
эси чыгуу
эси эки болуу
эсин жыюу
эсин эки кылуу
эсине жара чыгуу
эсине келтирүү
эсине келүү
эсине кирүү
эсинен тануу
эске кирүү
эске тартуу
эске тутум, эс тутум (пед.)
эске тутуучу түзүлүш
(тех.)
эске түз жетүү (комп.)
эске түшүрүү (пед.)
эсти башкаруу (комп.)
эсти бөлүштүрүү (комп.)
эстин ылдамдыгы (комп.)

эс-

эс- (жел эсүү)

эс

I зат. 1. Акыл, аң-сезим. Эсиң болсо жигиттер, Капа кылбай тилдебей, Кайрыла жүр жетимге (Токтогул). Батыш эси жок энесинин тилин албады (Байтемиров).
2. Ойдо сактоо, унутпоо жөндөмдүүлүгү. Мыскалдын Крымга, Артекке барганы эсинде (Сыдыкбеков). Сенин ошондогу мага айткандарыңдын бардыгы эсимде (Жантөшев). Эсине салып коюу керек.
Эси ооп калуук. оо I. Эс алуу — тыныгуу чаалыкканын жазып, калыбына келүү, көңүл сергитүү. Аба жуттум, кымыз ичтим, эс алдым (Үмөталиев). Күлбүбү эс алып, бир уктап турду (Убукеев). Эс-эс билүү — ачык, даана эмес, бүдөмүк, элес-булас билүү. Бул ашуунун татаал, тайгак жерлерин бала чакта көрүп, эс-эс гана билем («Советтик Кыргызстан»). Эси эки болуу — шайы кетүү, айласы кетүү, алдастоо, эмне кыларын билбей калуу, шаштысы кетүү. Атылган октон басмачылардын кулактары тунуп, жашынууга жай таппай, алдастап, эстери эки болушту (Жантөшев). Эси чыгуу к. чык III. Эси-көөнүнөн кетпөө — эч убакта унутпоо, унутулгус болуу. Бул түн Алымкулдун эси көөнүнөн кетпей турган түн эле (Абдукаримов). Эс-учун жыюу — акыл-эсине келүү, эсин жыюу, эстен тангандан кийин кайта калыбына келүү. Садык эс-учун жыйбай, оорусу кармап жатып калды (Сыдыкбеков). Эси-дарты — бүт ойлогон ою, санаасы, тилеги. Анархандын эси-дарты эшиктеги Каныбекте (Жантөшев).
ЭС II: жел эсүү — жел согуу, жел жүрүү. Сыпаа жел эртели-кеч тоодон эскен (Маликов). Сергитип турду абамды, Жибек жел эсип, гүл бурап (Бөкөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: