|
эмне
|
|
ат. 1. Адамдан башка бардык жандуу, жансыз заттарга берилип, аларды аныктоо, себебин, жөн-жайын, абалын билүү үчүн колдонула турган суроо. — Эй колхоздун бакчысы, Бай бакчаңда эмнең бар? (Осмонов). Ой, Зарыл, эмне эле ойлонуп калгансың? (Сыдыкбеков).
2. Чакырган кишиге жооп иретинде кайрылуу үчүн колдонулат.
— Айгүл, кайдасың?
— Эмне? Мындамын.
♦Алда эмне — алда кандай, ар түрдүү, күтүлбөгөн, кокусунан, пайда боло калган. Арстан Манас баатырдын, Алда эмне сөзү бар («Манас»).
|