Меню
Эл-Сөздүк

ЫЧКЫР

(Ич кур)) — Ырамандын ырчы уул, Ычкыры папик кырк муун» («Манастан»). Бул — бел курдун бир түрү. Шымга байланат. Анын жиби алты талдан башталып, жыйырма сегиз талга чейин жетет. Ар түрдүү өңдөгү жиптерден чалынгандыктан кооз көрүнөт.
      Ычкыр көп тал менен чалынабы, же аз тал менен чалынабы, ал ийрилген жиптин жоон-ичкесине байланыштуу. Ычкырды жөнөкөй салуунун бир түрүнө жети илмек (манжа баштарына илинүүчү жиптин туюк учу) экиден эсептегенде он төрт тал болот да, аны чалууда эки кол тең аракеттенет. Демек, бир колдо үч илмек, экинчи колдо төрт илмек болот. Эми үч илмек бар колдун чыпалагы менен төрт илмеги бар колдогу жипти илет да, үч жип бар жакка өткөрүп кетет. Ошондо жиптер алмашып, чыпалактагы жип аты жокко, аты жоктогу жип сөөмөйгө, сөөмөйдөгү төртүнчү жиптин арасынан кайра алмашканда чыпалакка келет. Ычкырдын эки башы топ чачыланат.

ычкыр

зат. Дамбалдын, шымдын кашатына өткөзүп, байланып жүрүү үчүн көбүнчө ичке сызмадай тизилип, чачыкталып жасалган боо. Дамбалдын ычкыры. Шымдын ычкыры.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: