Меню
Эл-Сөздүк

чырт

туур. Чытырап жарылгандай же чыйт эткендей кыска кескин, дабышты билдирүү үчүн колдонулат. Муз жарылып чырт этти. Данияр жай гана чырт түкүрүп коюп, арабасын көздөй басып кетти (Айтматов).
Чырт кесүү — шарт кесип алуу, ылдам, чарт кесүү. Мектептин аймагында жок чөп кездешип калдыбы, [Мукай] аны сабагынан чырт кесип алат же түбүн чукуп кирет (Таштемиров). Чырт дей түшүү — жактырбаган мүнөздө кыялын тез өзгөртүү, таарына түшүү. Гүлнарэнесинин бул кебин жактырбай чырт дей түштү (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: