Меню
Эл-Сөздүк

чыркыра

этиш. 1. Чыр-чур этүү, чырылдаган үн чыгаруу (мис., чымчык). Чымчыктын баары чыркырап, Кулак тунуп чуркурап (Тоголок Молдо).
2. Чырылдап ыйлоо, чырылдаган ачуу дабыш чыгаруу. Апакелеп чыркырап, Этегине тырмышты (Үмөталиев). Катын, бала чыркырап, Калгандагы кербезим (Токтогул).
3. Чырылдаган, чыр айланып катуу шуулдаган дабыш чыгаруу (мис., ыргыган таш). Ачууланып эр Манас, Бир чүкөнү черткени, Чыркырап чүкө кеткени («Манас»). Туурадан ыргып майда таш, Бута атым кетет чыркырап (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: