Меню
Эл-Сөздүк

чын

зат. Анык; даана; туура, ырас, калп эмес. —Деги ушу көргөзмөгө жиберери чын бекен? (Байтемиров). Чын айтсам кепке ишенбей, Жалган кылды сөзүмдү (Токтогул). Чынын айтканда сен абдан бактылуу экенсиң (Жантөшев).
Чын тийбес — болор-болбос, кичинекей эле нерсени көңүлүнө ала турган, бир нерсеге тез эле таарына турган. Же кургур ошончолук макоо беле, Чын тийбес, начар кыял, жөн билбеген (Турусбеков). Оюн-чындан — бир чети тамаша, бир чети чын катарында, тамашага шооткотуп. Жылкычылар дагы оюнчындан Жолойду тамаша кылышат (Жантөшев). Чын жүрөктөн же чын жүрөгү менен к. жүрөк.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: