Меню
Эл-Сөздүк

чымыр

I. сын. Чың, бышык, чыйрак, көпшөк эмес. [Барпы] мыртыйган чымыр колдору менен Ышкынаалынын жакасын камтый кармады (Байтемиров).
ЧЫМЫР II: ымыр-чымыр болуу — чымырагандай абалда болуу, чыбыр-чубур, жыбыр-жубур эткендей боло түшүү. Анархандын жүрөгү оозуна тыгылуу менен көзү ымыр-чымыр боло түштү (Жантөшев). [Айшанын] бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, маңдайынан тер чыпылдай түштү (Жантөшев). Бакирдин көздөрү андан бетер ымыр-чымыр болуп, аттан кулап түштү (Осмоналиев). Өмүр бою аты-жөнү туурасында чеки сөз укпаган баланын бүткөн бою дүрүлдөп, бети-башы ымыр-чымыр болуп чыкты (Бейшеналиев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: