Меню
Эл-Сөздүк

чымын

чымын (чыбын эмес),
чымынга
чымын-чиркей
чымын-куюн (чуркоо,
тызылдоо)
чымындай жан
чымыны бар (жөндөмдүү)
чымынын кагуу (эсине
келтирүү

чымын

зат.. 1. Көбүнчө жугуштуу оорулардын козгогучтарын таратуучу эки канаттуу жандык (курт-кумурска). Ашир баланын бетине коно калган чымынды коруп олтурат (Сасыкбаев). Аттар чымын-чиркейден ылаалап, мурундарын бышкыртып, токтой калып башы-көзүн тизесине кашыйт (Каимов).
2. Диний түшүнүк боюнча: олуя, көзү ачык адамдарда болуучу көбүнчө жин ооруларга каршы күрөшүүдө көрүнбөстөн ошолорго кызмат кылып, жардамдашып жүрүүчү касиет, жин. Чымыны кагылган бакшы. Чымындарды чакыр. Чымыны түшкөн бакшыдай буркулдайт.
3. өт. Талант, ырдап жиберүү шыгы. Адабият факультетине анча-мынча чымыны бар, бирдемелерди чийип жүргөн жаштар келет (Бейшеналиев). Токтогул ушул бала тегин көрүнбөйт, комузга дилгирлигине караганда чымыны бардыр дегенсип ойлонду (Каимов).
Чымын-куюн болуу — өтө тез жүрүү, тызылдоо. Как жарып кыштак ичин бак аралап, Победа бара жатты (Абдыраманов). Чымын-куюн болуп, көчө бойлоп Сатар чуркап келе жатат (Баялинов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: