Меню
Эл-Сөздүк

чолок

чолок, чологу, чолокко
чолок жаш
чолок көчө (буйтка,
тупик)

чолок

сын. 1. Кыска. [Иванов] чолок күрмө кийип.. темир жолду тейлеп жүрөт (Сасыкбаев). [Гүлайым].. гүлдүү, чолок жең жарашыктуу жеңил көйнөк кийип,.. маңкая түшкөн (Бейшеналиев).
2. Бир колу же бир буту жок, колу же буту майып. Чолок бутум менен эки буттуудан кем иштебесмин деп ойлойм [деди Жапар] (Баялинов).
3. Куйругу кесилген же кыска, куйругу келте (көбүнчө малга карата). [Мусабек] өзү көк чолокту минип, [Ашырды] ..ээрчип алды (Сасыкбаев). Жардынын минип чологун, Салуучу бүлүк жасоолдор (Турусбеков).
4. Терең эмес, кеңири эмес, үстүртөн ойлонулган. Чолок акыл. Чолок ой.
Чолок жаш — көздөн мөлт деп бир аз эле чыккан жаш. [Гүлнардын] кирпиктеринин учтары чолок жашка суулана түштү (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: