Меню
Эл-Сөздүк

чел

чел (жука кабыкча)

чел-

чел- (мүйүз менен)

чел

I зат. 1. Мал терилеринин ички бетиндеги же эт менен теринин ортосундагы жука кабыкча.
2. Көзгө түшкөн ак, же көздүн карегин каптап калуучу жука кабыкча. Көздү чел басуу.
3. Жиптеги жука бүртүкчөлөр, быдыр түкчөлөр. Жиптин чели.
Эт менен челдин ортосунда болуу эки ортодо болуу, ал жакка да, бул жакка да ачык кошулбай эки ортодо эптеп мүлтүлдөп жашоо, кошоматчылык менен күн көрүү. Эт менен челдин ортосунан күн көрүп, баарыдан мурда өзүңүздүн камыңызды ойлойсуз (Каимов). Эт менен челдин арасынан жай издеген [киши] (Жантөшев).
ЧЕЛ II этиш. 1. Мүйүзү менен чолуп алуу; илип ыргытуу, чолуп сүзүү. Сүзөнөк күрөң жайланып оттоп жаткандарды жиреп кирип көрүнгөнүн туш келди челип, ыркты бузат (Бейшеналиев). Жаман букаларчылап, мүйүзү менен күл челсе (Сыдыкбеков).
2. Чолуп алуу, чолуп чукуу, казуу. Шиш менен жерди челишип, Томураңдап жаш балдар (Токтогул).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: