Меню
Эл-Сөздүк

чачыра

этиш. 1. Бириндеп-бириндеп бөлүнүп туш-тушка ыргуу, туш-тушка чачылуу. Темирди жанчып жатат талкан-талкан, Чачырап кызыл учкун ар тараптан (Бөкөнбаев).
2. Чачыла тийүү, жайылуу, тароо. Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Күндүн алтын нуру эми гана чачырап чыгып келатат (Абдукаримов).
Көзү чачыроо — кандайдыр бир нерсени өтө зарыга күтүү, абдан эңсөө. Ушул жерден эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм (Элебаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: