|
чач
|
|
I зат. Адамдын баш терисинен чыккан кыл, калың узун түк. Күмүш үндүү, колоң чач, Кош каркыра керме каш («Манас»). Буурул чачын сеңселтип, Апаңар күтөт силерди (Аалы). Чачын татынакай кылып артына карай тараган кара жигит — Омор (Жантөшев).
♦Чач мончок к. мончок. Чач учтук к. учтук. Чач кап — чачпак менен бирдей. Чачтан көп — өтө көп, абдан көп, сансыз көп. Чач этектен болуу — өтө мол болуу, абдан кенен, кеңири болуу. Төбө чачы тик туруу к. төбө. Карын чач — бала жаңы төрөлгөндөгү биринчи чач.
ЧАЧ II этиш. 1. Чачырап кеткидей кылып таштоо, ыргытуу, чачырата таштоо, төгүү, чачыратуу. [Мамбеткул] колундагы тепшиге салынган жемди тоокторуна чачты (Каимов). Жамила дасторкон жайып, ага чача боорсок салды (Баялинов).
2. Чогуу же иреттүү турган нерсени туш-тушка бириндете бөлүү, чачынды кылуу, чачкын, иретсиз түргө келтирүү. Баарын чачтың көп көңдүн, Бекеринен тапкандай (Үмөталиев). Капанын баарын чачамын, Төштүк, Кабагың минтип ачамын, Төштүк («Эр Төштүк»).
3. Ысырап кылуу, ыксыз жок кылуу, түгөтүү. Шаар базарын ачамын, Атакемдин сан дүйнө Топуратып чачамын («Манас»).
4. өт. Берүү, таратуу, жаюу. Партия балдар үчүн билим чачкан, Билимди биздин балдар издеп тапкан (Барпы).
5. Чачыратуу, таратуу. Таң кабарын айткансып, чыгыштан чолпонкур чачты (Жантөшев). Эмгек кайнап колхозчулар кош айдап, Асмандан күн алтын шоола нур чачат (Үмөталиев). Чырак үлпүлдөп алсыз нурларын чачат (Каимов).
♦Төкпөй-чачпай — бирин калтырбай, толук, бардыгын тең. Аңгыча Айнысахан болгон окуянын бардыгын төкпөй чачпай айтып берди (Жантөшев).
|