Меню
Эл-Сөздүк

чатыра

этиш. 1. Чатыр-чутур, чарт-чурт эткен дабыш чыгаруу, чартылдоо. Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап (Осмонов). Чатырап муздар сынса да, Катуулап бороон турса да.. (Бөкөнбаев). Арчалардын куу шактары жалын чыгарып, чатырай баштады (Абдукаримов).
2. Дүрбөй түшүү, жапырт дүрбөө, туш-тушка таралуу. Карышкырды көргөн койлор чатырап үркүп-үркүп жөнөдү (Жантөшев).
3. Тарсайып, чыңалып чыгуу, чыңалып толуп чыгуу. Семиргенде чатырап, Эмчеги жерге салаңдайт (Осмонкул).
4. өт. Дүркүрөп өсүү, көбөйүү, жапырт өсүү, мыкты өркүндөгөн абалда болуу. Чатырап колхоз, совхоз чарбаларың, Көбөйсүн төрт түлүгүң аман төлдөп (Үсөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: