Меню
Эл-Сөздүк

чатыр

чатыр (зат а.)

чатыр

чатыр (туур.): чатырчутур

чатыр

зат. 1. Курулуштардын, имараттардын атмосфералык кубулуштардан сактай турган үстүнкү бөлүгү. [Жамгырдан] үйдүн чатыры дабырап турду (Сыдыкбеков).
2. Брезенттен, ак матадан ж. б. жасалып, төрт бурчунан керип коюлуучу, көбүнчө жайында колдонула турган жеңил үй. Жайкы күн.. эрке Ысык-Көл толкуп жатыр, Боюна жоокерлер тиккен чатыр (Маликов).
Кол чатыр — жайылып-жазыла турган бөлүгү материя менен капталып сабынын баш жагына орнотулган, жаандан, күндөн сактануу үчүн колдонулуучу калканч. Кыз үйгө кирип, чемоданы менен кол чатырын үйгө койду.. (Сыдыкбеков).
ЧАТЫР II туур. Кандайдыр бир нерсе сынып, жарылып же от чартылдап күйүп бараткандагыдай чыккан үндү же дабышты билдирүү же ошого салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат. Чатыр чатыр чатырады, Жалпы күйүп жанжагы (Бөкөнбаев). Согуш кабары чатыр этип асманды тең жарып өткөн чагылгандай тараган (Сыдыкбеков).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: