Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: ВЕНЕРА
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - чап
 

чап

 
чап (кумдуу чап) (геог.)

чап

 
чап (дене бөлүгү)
чап жаак

чап

 
чап (дароо)
чап жабыш
чап-чуп

чап

 
чап (сол) (диал.)

чап

 
I зат. 1. Ичтин төмөн жагы менен сандын кошулушкан жериндеги жука, такыр жери (көбүнчө малга карата). [Карышкырга] бир бээсинин чабын жардырып, Чымыр да Чаар-Ала-Таш менен кош айтышты (Жантөшев).
2. Чөп такыр чыкпай турган же чыкса да сейрек чыга турган тоонун боору, жантайма бет. Таманы эшилген кызыл кумдуу тар сай, эки жагы кемерленген боз чап (Касымбеков).
ЧАП II такт. Дароо, өтө тездик менен абдан шамдагайлык менен (мис., умтулуу, кармоо ж. б.) Дарыяхан Эркинди чап көтөрүп ала коюп, эки көзүнөн өптү (Жантөшев). —О, кокуй, карылык! — .. деп, кейип койду да, [карыя] чап эле атты жылоолоду (Касымбеков).
ЧАП III: өп-чап к. өп I.
ЧАП IV этиш. 1. Колго кармаган кандайдыр бир нерсе менен шилтөө, шилтеп жиберүү, шилтей уруу; коюп калуу. Чын эсебин табайын, Чыркыратып бул таздын, Башын кыя чабайын («Эр Төштүк»). — Батыш өгүздү отун таңган жиптин учу менен тумшукка чапты (Байтемиров).
2. Чабуул жасап бүлүк салуу, бүлгүнгө түшүрүү, чабуул салып олжо алуу. Уулап жүрүп жайлоодон Калган элди чапты дейт («Семетей»).
3. Шилтөө аркылуу кыюу, кесүү. Чөп чапты. Эгин чапты.
4. Бетине металл орнотуу, баалуу металл орнотуп, кооздоо, каптоо. Күмүш чапкан куюшкан, Жүгөн сатты кайран эл (Шайбеков).
Жол чабуу — 1) жол салуу; 2) өт. жол көрсөтүп берүү. Жаны ачып жолду чапкан түбөлүк, Эмес беле улуу устат Ленин (Турусбеков). Тамырына балта чабуу к. тамыр. Жанымды курман чабайын — 1) курмандыкка да макулмун, бардыгына даярмын деген мааниде колдонулат; 2) жалынып-жалбаруу иретинде айтылат. Өпкөмдү же жүрөгүмдү чабайын к. өпкө.
ЧАП V этиш. 1. Атчан катуу жүрүү, атты катуу чуркатуу. Аксакал алчыланып ылдый чапты, Найзаны оң колтукка таамайлатты (Маликов). Мусабек.. арабаларды жандай чаап келе жатат (Сасыкбаев).
2. Алга умтулуу, илгерилөө, алга жөнөө. Өнөрүң болсо өргө чап, Эмгегиң менен элге жак! (Токтогул).
Аша чабуу — аша кетүү, ашып кетүү, белгилүү чектен, тиешелүү өлчөмдөн ашып кетүү. Бетке чабуу — тартынбай, бетке айтуу. Өз пайдасына чабуу — өз пайдасын көздөө, өз пайдасын көздөп иш кылуу. Пейли чабуу же көңүлү чабуу — пейилденүү, көңүлдөнүү, көңүлү тартуу. Ат чабуу — ат жарыштыруу, байге коюп ат жарыштыруу.

чап-

 
чап-, чаап, чабат
чаап-талап
чапкан бойдон

Найти все переводы слова "чап" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "чап"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru