Menu
Эл-Сөздүк

чакылда

этиш. 1. Чак-чак эткен дабыш чыгуу, чак-чак эткен дабыш чыгаруу. Безеленген мети үндөрү чакылдайт (Убукеев). Бир жерде чымды бырт-бырт сайып жатса, экинчи бир жерде сом темирлер чакылдап, тоодой таштарды кулатып жатат (Элебаев).
2. Чак-чак эткен дабыш чыгарып сайроо, шакылыктоо. Чакылдаган сагызган, чыркылдаган чымчык жок (Жантөшев).
3. өт. Тартынбоо, тартынбай, үндү бек-бек чыгарып сүйлөө, такылдап сүйлөө. Шарипке Иранын орусча-кыргызчасын аралаштырып тайманбай чакылдап айтканы, кыз эмес эле булбул сүйлөп жаткандай сезиле баштады (Бейшеналиев).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: