чайка- |
|
чайка |
2. Чайып тазалоо, чайпай жууп таза кылуу. Отурат тунук сууга жүзүн чайкап, Келбети ажарданат айдай толук (Абдыраманов). [Заматта] идиштерди чайкап жиберип, тумбочкага салып койдум (Касымбеков). 3. Чайпоо жолу менен каптоо. Бирин-бири кубалап келип.. кум чайкаган майда толкун (Сыдыкбеков). Түрмөктөлүп кум чайкап, Буйгаларга бурулган (Тоголок Молдо). 4. «Жок» же «билбейм» деген мааниде башты кыймылдатуу, баш ийкегенге карама-каршы аракет кылуу. Жакып башын чайкап, угулаар угулмаксан кобурады. (Бейшеналиев). ♦Жумуртка чайкап куш кылуу — тарбиялап чыгаруу, өстүрүү. Жумуртка чайкап куш кылган, Журтуңа тийсин керегиң (Бөкөнбаев). Жумуртка чайкап чоң кылган, Чубалай көрпө тон кылган («Эр Табылды»). Калк чайкоо — калктын тынчын алуу. Калабалуу канкорум, Калк чайкаган анткорум («Манас»). Кесир чайкоо — кесир кылуу, кесирленүү. Кел, дыйкандар, керилбейли, жатпайлы, Кесир чайкап, төкпөйлү да чачпайлы (Осмонкул). |
Найти все переводы слова "чайка" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "чайка"?
Ввойти