Menü
Эл-Сөздүк

төбө

төбө
төбөгө көтөрүү
төбөгө ойноо
төбөңдөн ургур!
төбө сөөгү (мед.)
төбөсү көккө жетүү
төбөсү менен кудук казуу
төбөсүн каңдоо
төбөсүнө жаңгак чагуу
төбөсүнө камчы ойнотуу
төбөсүнө камчы үйрүү
төбөсүнөн куш учурбоо
төбөсүнөн түшүү
төбөсүнөн уруу
төбө чачы тик туруу

төбө

зат. 1. Баштын үстүнкү бөлүгү, чоку. Эрке кыз Жылдызканды кучактап төбөсүнөн жыттады (Жантөшев). Докторлор төбөмө дары сүйкөп таңышты (Жантөшев).
2. Кандайдыр бир бийиктиктин, тоонун, үйдүн ж. б. эң үстүнкү бөлүгү, жогору жагы, чокусу, учу. Караса чоң сааты мунарасында шаңгырап, төбөлөрүндө жылдыз күйгөн кадимки Кремль турат (Байтемиров). Командир экөөбүз чокунун.. төбөсүнө чыктык (Жантөшев).
3. Баш кийимдин кыруусунан жогорку түп жагы, үстүнкү бөлүгү. Тебетейдин төбөсүн, үкү менен чоктодук (Жантөшев).
Төбөсү көккө жетүү — абдан кубануу, ыраазы болуу, жетине албай калуу. Алиманын төбөсү көккө жетип, келинине чын ыкластан ыраазы болуп калды (Абдукаримов). Төбө чачы тик туруу — коркуу, эси чыгып кетүү; жүрөк титирерлик сезимде болуу, бүткөн бою дүркүрөө. Төбөгө көтөрүү — 1) колунан келген жакшылыгын аябоо, колдоо, абдан сыйлоо. Колунан келсе мени төбөсүнө көтөргүсү келип турат (Абдукаримов); 2) ызы-чуу салуу, чуу салуу. [Какылдак] безилдеп кез-кез ачуу-ачуу чыңыргандай болсо, кыштакты төбөсүнө көтөрөт (Сыдыкбеков). Төбөсүнөн чыгуу — дал үстүнөн чыгуу, туура келүү. Төбөсү менен кудук казуу— оор эмгек кылуу, азап тартуу. Төбөм менен кудук казсам да, сизди багууга милдеттүүмүн (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: