|
түр
|
|
I зат. 1. Кебете-кейип, өң-түс, көрүнгөн кебете, көрүнүш. Түрүнөн шек таба албады (Байтемиров). Эненин түрү ушунчалык өзгөрүп, купкуу (Байтемиров). Түрү түркүм кызгалдак, Жашыл майдан туш тарап (Нуркамал). Көзүн салып жан жакка, Жердин түрүн көрүштү («Эр Табылды»).
2. Оюу-чийүү, орнамент. Килемдин көркү ачылат, Кооздоп сайган түр менен (Осмонкул).
ТҮР II этиш. 1. Бир нерсени түрмөктөп ороо, бир нече ирет кайрып ороо, жыюу, жыйыштыруу. Түргөн чийдей кылып бирине бирин тегиз койгон жууркандар бир топ (Сыдыкбеков).
2. Четин кайруу, этегин кайра кайруу. Ал жеңил кийимчен, тумактарын түрө кийишкен (Каимов). Токтогул жеңин түрүп коюп, өзүнүн жаңы чыгарган күүсүн черте баштады (Бөкөнбаев).
♦Кулак түрүү — бир нерсени угууга ынтызар болуу, угууга дилгир болуу, дит коё тыңшоо. Ажар улам тышка кулагын түрөт (Жантөшев).
|