сөөм зат. 1. Сөөмөй менен бармакты жазып жибергендеги аралык, өлчөм. Ченин ченеп тургамын, Алты сөөм төрт эли («Манас»). 2. өт. Анча-мынча, бир аз. Даражасы сөөм бийигирээк (Бейшеналиев).