-
сүй
-
этиш. 1. Ашык болуу, эркек аялды же аял эркекти жактырып, көңүлүн салып калуу, сүйүүгө берилүү. Жароокер сулуу кыз сүйсөң , Жашчылыгың бир кызык (Токтогул). - 2. Жакшы көрүү, кадырлоо, урматтоо. Алыскы сүйгөн жерди эстеп, Акырын Жапар ырдады (Бөкөнбаев). Ким берилип сүйбөсүн Көтөрүп баккан энени (Бөкөнбаев). Урмат менен Ленинди Сүйгөн элди карачы (Токтогул).
- 3. Бир ишти же бир нерсени каалап калуу, ошого берилип калуу, жактыруу. Китеп окууну сүйүп калыпмын, — деди Шекер (Убукеев). Агасы Табылды т.амаша сүйгөн шайыр жигит го (Сыдыкбеков).
- 4. Өбүү, жыттоо, эркелетүү. Кучактачы, сүйчү беттен балаңды! (Турусбеков). Маңдайынан да бир сүйүп калууга, Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес (Осмонов).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сүй