|
сынык
|
|
I сын.
- Сынып калган, жарака кеткен же кетилип калган жери бар, бүтүн эмес. Сынык ээр. Сынык казан. Сынык кетмен.
- Нерсенин сынган бир бөлүгү, бүтүн нерседен ажырап, бөлүнүп калган бир бөлүк. Ашыр кумуранын сыныктарын сыйпалап издей баштады (Сасыкбаев). Өзү дагы ажал тапты кыраан эр, Учуп тийип гранаттын сыныгы (Үмөталиев).
- өт. Дененин сынган жери, сынуу аркылуу болгон илдет. Сыныктын жаманы — кыйшык таңылганы, жигиттин жаманы — оозунан жаңылганы (макал).
СЫНЫК II сылык менен бирдей.
СЫНЫК III этиш. Мурдагыдай болбой бир аз ийигүү, мизи кайтуу, бети кайтуу. Күн сыныгып, айлана мелүүн тартып, жымжырттык жышанасы келип калган (Сасыкбаев).
|