Найдены по другим направлениям
-
сокур
-
сын. 1. Көрүү жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган, көр. Сокурдун тилегени эки көз (макал). Сол көзүңдөн ажырап, Сокур болуп алыпсың (Токтогул). - 2. өт. Билими жок, түшүнүгү, сезимдүүлүгү начар, сабатсыз. Көзү сокурга жолуксаң жолук, көөдөнү сокурга жолукпа (макал).
- 3. өт. Эч нерсеге негизделбеген, курулай. [Арстанаалы] сокур намыс менен адам иштебес далай жоруктарды баштады (Сыдыкбеков). Сокур ишенич. Сокур үмүт.
♦ Сокур сезим — инстинкт. Сокур тыйын — пул ордуна жүрбөгөн, жырык тыйын. Сокур тыйынча пайдасы жок. Сокур ийне — көзү жырылган ийне. Сокур ичеги — 1) жоон ичегинин өзүнчө бөлүнө өсүп чыккан туюк учтуу бөлүгү; 2) ушул ичегинин сезгенишинен пайда болгон аппендицит оорусу.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сокур