-
сокку
-
зат. 1. Күү менен, катуу күч менен урулуудан, согулуудан чыккан кагылыш. - 2. Оор кайгы, түйшүк, азап. Сүйгөн жарынан ажыроо кандай оор, кандай сокку! (Абдукаримов).
- 3. Жеме, кагуу; таяк, тепки. Мына, соккуну балдардан жедиңби! (Бейшеналиев). Катуу сокку жеп калган соң, ал адатымды таштайын дедим («Ала-Тоо»).
- 4. Душмандын, жоонун мизин кайтаруу, кыйратуу үчүн көрсөтүлгөн каршылык, чабуул же анын түрлүү башка аракеттери. Душманга сокку уруу. Душманга катуу сокку уруу үчүн комсомол, партия бирдиктүү болсун деген Ленин (Байтемиров). Зор эмгегим сокку болор душманга, Ошондуктан күндөн-күнгө чамдаймын (Осмонкул).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сокку