Меню
Эл-Сөздүк

серме

этиш. 1. Кармоо, кармап алуу аракети менен колду умтула шилтөө, сермөө, илип алуу. Апасы келип сермей берерде Сатыкул ойт берди (Касымбеков). Табына келген убакта, Таасын сермейт куш дагы (Осмонкул). Оозун ачкан бөрүнү Берен бүркүт сермесин (Бөкөнбаев).
2. Учуу, алга карай умтулуу аракети менен канатты кыймылга келтирүү, канат кагуу, серпүү. Канат сермеп, бук болуп, Келатты учуп жагалмай (Бөкөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: