Меню
Эл-Сөздүк

саргар-

саргар-, саргай-

саргар-

саргар-, саргартты

саргар

этиш. 1. Сары түскө айлануу, саргыч тартуу. Бак-дарактардын жалбырактары саргарып, бириндеп түшө баштады (Абдукаримов). Коноктор бышып саргарып, Орот деп качан жарданып, Бойго жетип турганда Чымчыктар келет чийне алып (Осмонов).
2. Убайым, санаа тартып зарыгуу, өңдөн азуу, оорудан иреңи саргыч тартып көрүнүү. Саргарып тамдын түбүндө Сагындым эле элимди (Токтогул). Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң (макал).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: