Меню
Эл-Сөздүк

салаа

зат. 1. Манжалардын арасындагы аралык. Жеңиш катты оң колунун салаасына кысып, велосипедин минип, учкан куштай зыпылдады («Жаш ленинчи»). Салаа менен ак сакалын тарады (Аалы).
2. Тарам-тарам болуп кеткен кокту, колот, суунун бөлөк-бөлөк агымы. Өзөндүн башы төрт салаа (Сыдыкбеков). Батышты көздөй салаа-салаа жылгалуу, майда-майда чыбырдуу бөксө тоо созулуп кетет (Таштемиров).
3. Колдун манжалары. Ширеңкенин талындай болгон баланын арык салаалары. Беш салаа батпас тар жер.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: