Меню
Эл-Сөздүк

сал

сал (устун тизмеги)
сал агызуу

сал

сал (жигит, мырза) (фольк.)
сал жигит

сал-

сал-
сала бер-
сала кой-
сала коймо
сала сал-
сала-сал кылуу
салган кашыгын өзүнө
салуу
салып-уруп

сал

I зат. 1. Үстүнө ар кандай жүктөрдү салып, суу үстү менен алып өтүүгө же жүктү суунун бир жээгинен экинчи жээгине алып чыгарууга керектелүүчү устундардын катар-катар коюлган тизмеги. Тээктеп байлап сал кылып, Ушул сууга салабыз («Мендирман»).
2. Катар-катарынан тизмектелип, суу үстүнөн агызылган карагайлар.
САЛ II этиш. 1. Бир нерсенин ичине же бетине жайлаштыруу, коюу. Балдар ойноп чөнтөгүнө салып жейт, Боорсок кылам ак буудайдын унунан (Осмонов). Жамила дасторкон жайып, ага чача боорсок салды (Баялинов). Жаңы өзөндүн, Алма, жүзүм, дарбызын, Тандап үзүп, Ящиктерге салабыз (Маликов).
2. Жаюу, төшөө (кийиз, төшөк ж. б. жөнүндө). Төшөк сал. Шырдак сал.
3. Куруу, жасоо. Келишкен аппак там салып, Терезе, каалга чоң болду (Шайбеков). Асканы муздай талкалап, Жол салып өткөн кез ушул (Бөкөнбаев). Жыгачтан уя салгыла Ала шалбырт жаз менен (Осмонов).
4. Малга тоют берүү. Андрей эрте туруп алып уюна чөп салып, бастырманын үстүндө жүргөн (Байтемиров). Ашыр аке акырларга саман салып, өзүнчө кобурады (Убукеев).
5. Бир нерсени катыштыруу, кошуу. Чайга кант салды. Тамакка туз салды.
6. Казанга түшүрүү, бышыруу (эт жөнүндө). Чийки эт койбой салгыла, Бүт бышырып алгыла («Эр Табылды»).
7. Жүктөө, үстүнө коюу. Машинага жүк салды. Кетменин ийнине салып, сугатка жөнөдү.
8. Киргизүү, матыруу. Бычак салды. Найза салса бойлобойт.
9. Дуушар кылуу. Жабырга мынча салгыдай, Менде кудайдын өчү бар беле?! (Токтогул). Түйшүккө салдың, Эрназар, Түнкатар, Саяк тууганды (Токтогул). 10. Сүйлөө, бир нерсе айтуу, ырдоо. Кеп сал. Сөз сал. Комузуңду колуңа ал, Ойкуштанып обон сал (Токтогул). 11. Коюп жиберүү, чаап жиберүү, тартып жиберүү. Башка бир салды. Чал атын моюнга бир салды. Камчы менен бир салды. 12. Бир жакка бет алып жүрүү. Үйдү көздөй салды. Аттанып алды да, төмөн карай салып кетти. Ак-Сууну көздөй кеткен кара жолго салдым. 13. Белгилүү бир өзгөчөлүгүнө, артыкчылыгына таянуу, ошондон пайдалануу. Күчкө салып жеңүү. Өжөрлүгүнө салды. Чечендигине салып сөз бербөө. 14. Почта аркылуу жөнөтүү, жиберүү. Акча салды. Кат салды. 15. Алгыр куштар менен аңчылык кылуу. Куш салды. Бүркүт салды. Ителги салды. 16. Кийүү, жамынуу (кийим-кечени), башына байлоо (жоолукту). Сандалымды бутума салдым да, Эсенгелди абышкага жөнөдүм («Жаш ленинчи»). Ак шайы салган башына Алганың келди мына эми (Нуркамал). 17. Туур маалына жете электе бала таштап коюу. Кулун салды. Музоо салды. Козу салды. 18. Саала турган малды ийитиш үчүн жаш төлүн (кулунду, музоону ж. б.) бир аз эмизүү. Кулун салып бээ саадыруу. Музоо салып ийдирүү. 19. Катуу, кийгизүү (ноктону, жүгөндү); илинтүү (укурукка, чалмага); илүү, өткөрүү (сөйкөнү, шакекти, билерикти). Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы (макал). Азоолорду чалма салып үйрөтүп (Осмонкул). Шакек сал. Сөйкө сал. 20. Малдын эркек төлүн (кочкор, айгыр ж. б.) ургаачыларына кошуу үчүн ыйгарып калтырып коюу. Кочкор сал. Айгыр сал. Теке сал. 21. Жалпы кароого коюу. Көпчүлүккө аалды. Элге салды. Жыйналышка салды. Добушка салды. 22. Мөмө алуу, мөмө байлоо. Өрүк мөмөнү көп салды. Мөмө сала турган жемиш бактар. 23. Кандайдыр бир ишке чегүү, буюруу, ишке пайдалануу. Жумушка сал. Кетменге сал. Сугатка сал. 24. Баштоо, чыгаруу (чыр, чатак, чуу ж. б. карата). Чатак сал. Чуусал. Чырсал. 25. Кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруу, орундатуу үчүн бйрөөгө карата кадырын, көңүлүн пайдалануу, колдонуу. Кадырын салды. Көңүлүн салды. 26. Көмөкчү этиш катарында колдонулат. Айта сал. Бере сал. Бүтүрө сал. Жаза сал. Ары-бери кыла сал.
Сала-сал кылуу — башка бирөөгө жүктөй салуу, башкага түртө салуу. Ишти бирөөгө сала-сал кылбай, өзүң бүтүр. Биринен сала бири — биринен кийин бирөө, бири-бирине удаа. Бой салуу к. бой I. Кол салуу к. кол I. Башын жерге салуу 1) уялуу, тике карай албай ийменип, батына албай коюу; 2) кайратсыздык кылуу, капага жеңдирип, шылкыйып калуу. Сөйкө салуу к. сөйкө

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: