|
сакта
|
|
этиш. 1. Бир нерсени бөлүп катып коюу, башкага тийгизбей, коротпой катуу. Куба курут, сары май Сактап жүрдүң ар дайым (Нуркамал).
2. Коргоо, кол салдырбоо, тышкы аракеттин зыяндуу таасирине учуратпоо, аман алып калуу. Жоодон сактап калкыңды, Эл алкышын ала жүр («Мендирман»). Ажалдан, ар кандай кырсыктан сактап калуу.
3. Асыроо, асырап багуу, чыгымга учуратпоо, жок кылып жибербөө. Планынан малды ашыра сактады (Осмонкул). Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет (макал).
4. Тутуу, кармоо, ойдон чыгарбоо, унутпоо. Кек сактады. Кир сактады. Эсине сактады. Атанын акыл сөзүн сакта, досум! (Шимеев). Абаңдын айткан ырларын Алтындай сактап түйүп ал (Токтогул). Тартип сакта. Адеп сакта.
5. Белгилүү бир жайда болуу, туруу. Каркылдап каздар көл сактайт, Кара ылаачын чөл сактайт (Токтогул). Алтымыш жаштан ашканда, Айылдын дөңүн сактайсың (Тоголок Молдо).
♦ Жан сактоо к. жан I.
|