Меню
Эл-Сөздүк

портфель

зат. 1. Китеп, дептер, кагаз ж. б. салып жүрүүгө ылайыкталып жасалган, кармагычы жана бекиткичи бар төрт бурчтуу капчык, сумка. [Кычан] портфелин небак эле иреттеп алган (Бейшеналиев). Бекер бир колуна портфелин, бир колуна букет алды (Каимов).
2. Кээ бир буржуазиялык өлкөлөрдө министрлик орун.
3. өт. Редакция же басма тарабынан кабыл алынып, басып чыгарууга дайындалган кол жазмалардын жыйындысы.



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: