Меню
Эл-Сөздүк

ой

ой (пикир), ою

ой

ой (ойдуң), ою

ой

ой , оёт, оюу

ой

ой (сырд.)

ой

I зат. 1. Ойлоо процесси; акыл жүгүртүп ойлонулган ниет. Экөө тең алда кандай терең ойлордун кучагына түшүп термелди (Жантөшев). Булактай кайнап түгөнгүс ою терең (Сыдыкбеков).
2. Ойлоо продуктусу, пикир. [Капитан] өзүнүн оюн бирөөгө түшүндүрүүгө абдан уста (Жантөшев). Сабыр азыр Сырганын оюн түшүнүп тургансып, балдарга суроо берди (Сыдыкбеков).
ОЙ II зат. Чуңкурураак болуп кеткен жер, айланасындагы жердин деңгээли менен салыштырганда төмөнүрөөк келген жер, ойдуң. Ал өзүнүн туулуп өскөн жеринин ой-чуңкурун калтырбай көргүсү келет (Сыдыкбеков). Чаргын.. быштысын желдирип,.. келатып, ой-тоого карап коюп, өз алдынча күңкүлдөй берет (Сыдыкбеков).
Ойду-тоону айтуу — болбогон нерселерди сүйлөө, дайыны жок сүйлөө, аркайсынын башын бир айтуу.
ОЙ III этиш. 1. Казуу, чуңкурайтуу. [Ашыр] Мустафа менен бирге.. көмүрдүн катуу катмарын оюп иштеп жатышты (Сасыкбаев). Кайгынын баарын коёлу, Кара жерди биз быйыл Кетмендеп жатып оёлу («Манас»).
2. Тешүү, чукуп салуу. Бош эмес бардык аңыздар, Төмөндө коон, дарбыз бар, Бөйрөгүн оюп кетпесин Карга деген кансыздар (Осмонов). Катылган карышкырдын көзүн ойсок (Барпы).
3. Металлдын, жыгачтын ж.б. бетине из түшүрүп сүрөт, тур салуу, оймонун үлгүсү, формасы боюнча кесүү. Үйлөр турат жашылдарга бөлөнүп, Тукабаны сүрөт менен ойгондой (Аалы).
ОЙ IV сырд. Чочугандыкты, таңкалгандыкты билдирүүдө же бирөөнү чакырууда колдонулат. – Ой, Омор, сен эмне алдагы сүрөткө урушчудай карайсын, ык?! (Сыдыкбеков). Ой, келген акем турбайбы, — деп Сартбаев ордунан тура калды (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: