|
мээ
|
|
зат. 1. Баш сөөгүнө жайланышкан, адамдардын жана айбандардын нерв сисгемасынын борбордук бөлүгү болгон зат. Аш — ээси менен, баш — мээси менен (макал). Чыгарып алтын мээден ар кыл акыл, Миц сандуу билим, өнөр баарын тапкан (Бөкөнбаев). Төрт Мамытын койбостон, Жайната муштайм мээсин («Эр Төштүк»).
2. өт. Акыл, акыл-эс.
♦ Көк мээ к. көк IV. Кулак-мээни тундуруу же кулак-мээни жаруу — кулак жаңырткан катуу дабыш чыгаруу, бака-шака түшүү. Күңгүрөгөн доолбас Кулак-мээни тундурду («Семетей»). Балдар кулак-мээни жарып ышкырып да жиберишти (Жантөшев). Кулак-мээсин жейт — тынчтык бербөө, дайны жок эле жемелей берүү, тажатуу. Үйүнө кирип-чыгып күңкүлдөп аялынын кулак-мээсин жейт («Ала-Тоо»). Мээ кылуу — сүйлөй берип тажатуу, башын айландыруу.
|