|
молдо
|
|
зат. 1. Эл арасында мусулман динин таратуучу жана үгүттөөчү, шарият айтып, ооруган кишини окуп, дем салуу менен кесип кылган дин адамы. Кожо, молдо, эшенге Орозо, намаз, дин кызык (Токтогул). Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба (макал).
2. Октябрь революциясынан мурда мусулман (дин) мектебинде окуган, арабча кат-сабаттуу адам. Илгери чанда, бирок тил кат жаза билген молдо эле (Сыдыкбеков). Чакырды Бөкөй кат жаз деп, өзүнүн катчы, молдосун («Саринжи — Бөкөй»).
♦ Молдо болуу — тентектиги, шоктугу жоюлуу, жоош, момун болуп калуу. Ак молдо — сүйл. арак. Ак молдо турса сен кургур, Агаңа салам бербейсиң («Чалкан»).
|