Меню
Эл-Сөздүк

МАЛАКАЙ

«Малакайы алтындан, Бардашы журттан артылган» («Манас»), Бул — элдик баш кийимдин бир түрү. Көбүнчө карыялар кийишкен. Уктаарда кийип жатканда башты жылуу сактаган. Ал өңдөлгөн (бордолгон), ышкын түпкө, анарга жана башка өсүмдүктөргө боёлгон түктүү териден аңтара тигилет. Малакайдын көрпөдөн бир-эки элидей «кыюусу» болот. Кыюусуз тигилген малакайга кездеме менен көрпөдөн «милте» (жээк) коюлат. Аны бычып-тигүүдө жана кийүүдө аймактык айырмачылыктар бар.

малакай

зат. Жүнү ичине каратылып териден тигилген баш кийим. Каалганын жанында малакайын баса кийген, тоо эчкинин терисинен жасалган жаргак шымчан.. бир киши отурат (Байтемиров).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: