Меню
Эл-Сөздүк

күп

күп (аспап), күүбү, күппү

күп

күп (идиш), күбү, күппү

күп

күп: ак күп

күп

күп: күп-күп, күп этүү

күп

I зат. Май бышып чыгаруучу аспап.
КҮП II зат. Ичимдикти ж. б. ачытууга арналган идиш. Дагы да Тасма менен Түбүн айтар, Ачыткан кымыз, бозо күбүн айтар («Жазгыч акындар»). Мен уу ачытам күбүңө, Ушинтип жетем түбүңө («Сейтек»).
КҮП III: ак күп — балапандардын денесине биринчи чыккан түк жана балапандын ошол мезгилдеги кези.
КҮП IV туур. Жумшагыраак нерсени урганда, же ага урунганда чыгуучу күңүрт дабыш, дүңк эткен дабыш. Кимдидир күп-күп сабады камчы, Куюлду белем кандары тамчы (Абдыраманов). Надя шолоктоп ыйлап койкасына күп жыгылды (Бейшеналиев). Машаа кошкон көп мылтык, От койгондо күп этти («Семетей»).
¨ Күп-күп этүү — катуу-катуу үн чыгаруу, күрсүлдөө, күлүлдөп сүйлөө. Күпкүп этип күүлөнүп, Күрсүлдөдү Көкөтөй («Эр Төштүк»). Чоң койчу даражалуу кишилерче күп-күп эте сүйлөдү (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: