-
кыш
-
I зат. Ылайга топон же саман кошулуп жасалган кирпич. Кыш куюу маселеси чечилди, малчылар өзүбүз куябыз деп милдеттенме алышыптыр (Байтемиров).
КЫШ II зат. Жылдын күздөн кийин келүүчү суук мезгили. Кыш өкүмү баскан менен кырларды, Колхозчуда токчулуктун жыргалы (Осмонов). Жылуу кийим камдайлы, Кыш мезгилде киерге (Тоголок Молдо).
♦ Жайы-кышы — жыл бою. Жайы-кышы бирдей салкын абада чымыр өскөн (Сыдыкбеков).
КЫШ: III кыш-кыш туур. Демигип, көкүрөк кирилдегенде чыккан сыяктуу дабыш. Онтолой басып, үшкүрө-бышкыра кыш-кыш этишет (Убукеев).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кыш