Меню
Эл-Сөздүк

КУЛАН

КУЛАН — топоним. Манастан коркуп Бээжинге качкан Алооке кан күндүзүндө тынч албай, түн ичинде уйку албай чөл, талааларды басып өтөт. Буруттан эми кутулдук деп К. талаасына жүк түшүрүп, малын өргүтүп тыныгышат (Саякбай Каралаев, 1. 201).

КУЛАН

КУЛАН — эпизоддук кейипкер, калмак жайсаңы. Мунаркандын колу менен согушкан калмак, кытайлардын ичинде К. жайсаң да болгон (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 768, 786-б.).

кулан

кулан (зат а.), куланга
кулан өөк

кулан-

кулан-, куланба-, кулан ган
куландан соо

кулан

I зат. Жапайы жылкы. Айдап баккан ээси жок, Жайылып жүргөн өзүнчө Кулан көрдү Элеман («Эр Төштүк»). Жетимиш жигит кошчу алып, Кулан атып, бөкөн кууп Салбырынга барыптыр(«Манас»).
¨ Куландан соо к. соо. Таң кулан өөк салуу же болуу — таң сөгүлө баштоо, таң агара баштоо.
КУЛАН II кула этишинин өздүк мамилеси.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: