Меню
Эл-Сөздүк

куйрук

куйрук, куйругу, куй рукка
куйругун басуу
куйругу жок
куйругун карматпоо
куйругун толгоо
куйругун түйүү
куйругун үзүү
куйрук байлоо
куйрук-боор
куйрук-жал
куйрук кести (эск.)
куйрук улаш

куйрук

зат. 1. Куймулчак сөөгүнө туташкан дене бөлүгү, кээ бир жан-жаныбарлардын арка омурткалары менен туташ чубалжып кеткен бөлүгүнүн жалпы аты, шыйпаңы менен кошо алынгандагы бөлүгү. Койдун куйругу. Жылкынын куйругу. Уйдун куйругу. Мышыктын куйругу.
  1. 2.                  Канаттуулардын арт жагындагы көбүнчө бөлүнүп турган узун канат жүнү. Кыргоолдун куйругу узун. Чабалекейдин куйругу эки ача.
  2. 3.                  Койдун куймулчак сөөгүнө туташкан семиз эттүү бөлүгү, майлуу бөлүгү. Куйругу жаргылчактай. Куйрук сугунтуу. Куйрук май.
  3. 4.                  Учуучу аппараттын (мис., самолёттун, вертолёттун) учуу ишине ылайыктап жасалган арткы бөлүгү; жалпы эле чубалжыган, бири-бирине туташкан нерсенин арткы бөлүгү. Курбусун.. узатууга үлгүрө албай, эшелондун куйругун гана көрүп кагылышканда, жүрөктөрү өрттөнүп, муундары бошоду (Сасыкбаев).
  4. 5.                  өт. Бирөөнүн артынан ээрчиген, ага кошулган пикирдеш адамдар; калдык, саркынды. Жалт-жалт карап чегине да баштады, Кулак, куйрукэлди бузган шектүүлөр (Аалы).

¨ Айры куйрук — жырткычтар тобуна кирүүчү кулаалы сыяктуу куштун бир түрү. Айры куйрук, кулаалылар кайкып учат (Байтемиров). Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө — эртеңкисинен бүгүнкүсү. Төө куйрук — жапайы чыгуучу өзөктүү куурай. Куйрук улаш — удаа, удаалаш, жанаша. Куйрук улаш бастырды. Кыл куйрук — куйругу ичке жапайы өрдөк. Куйрук боор — койдун бышкан куйругу менен боорун аралаш кесип берилген тамак.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: