Меню
Эл-Сөздүк

куй

куй , жер-куй, энчи куй

куй

куй (мүнөз), кую

куй

I зат. Мүнөз, кебете, түр, кыял, иштин ж. б. кыйшыны. Кую бузук.. Күндүн куюн бузултуп, Жайлап жүрөт Алмамбет («Манас»).
КУЙ II: жер куй — жердин түбү, жердин астын карай кеткен жарака. Жер куйга түшүп кеттиби, Кайрылып мында келгисиз (Жантөшев). Зарыл иш чыгып калса, Азиз акелеримди издеп жер куйга да барам (Жантөшев). Энчи куй — өзүнө энчилүү, тиешелүү буюм, дүнүйө. Мейли, токолу менен жашай берсин, жакшы-жаманга арызданбайын, энчи куюмду бөлүп койсун («Советтик Кыргызстан»).
КУЙ III этиш. 1. Суюк же майда нерселерди чубуртуу, агызуу аркылуу биринен экинчисине (идишке ж. б.) которуу, өткөрүү. Тиги чыт курсактарга жарма куй (Бейшеналиев). [Жумушчу].. суудан [вагонеткага] чакалап куюп жатты (Сасыкбаев). Эгинди ороого куюп коюшту.
  1. 2.                  Калыпка салып, белгилүү формага келтирүү. Дарысын ийлеп, ок куюп, Даярланды кырк жигит («Эр Табылды»). Мал кайтардык, көң куйдук (Турусбеков). Кыш куюп жүргөн жаштар (Турусбеков).
  2. 3.                  Кошулуу. Куюп жатат Чычканга Жети суудан эки суу (Токтогул). Боорунан ала тоонун шылдыр булак Дегдеңдеп Ысык-Көлгө куят туйлап (Турусбеков).
  3. 4.                  Катуу жаап кирүү. Кайрадан.. күн күркүрөп, жамгыр куя баштады (Каимов). Таң атканча күн куюп сел кетиптир (Үмөталиев). Аңгыча кара нөшөр куйду (Жантөшев).

¨ Башына суу куюу — жок кылуу, курутуу, аягына чыгуу, бүтүрүү Эмне болсо ошо болсун, түндө туура жүз сомдун башына суу куюп аттаныпмын (Сыдыкбеков). Кулагына кумдай куюу — кайта-кайта айтуу, эскертүү. Апам күндө эле кулагыма кумдай куюп жүрөт («Жаш ленинчи»). Куюп койгондой — 1) абдан окшош, союп каптагандай. Бул сага куюп койгондой окшош экен (Абдукаримов); 2) чак, туптуура. Көгүш көйнөгү тараз боюна куюп койгондой (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: