|
кийин
|
|
I кий этишинин өздүк мамилеси.
КИЙИН II такт. Артка, артта, соңунда. Айбыгып кийин калган жок, Ала-Тоонун балдары (Маликов). Силер кичине кийин болгулачы (Жантөшев).
КИЙИН III жанд. Соң, артында, бир аз же бир топ убакыт өткөндө. Кебек карыя менен коштошкондон кийин Андрей үйүнө чейин ойлонуп барды (Байтемиров). Чынар кийин качыптыр деп уктук (Сыдыкбеков).
¨ Алды-кийинин карабоо — эч нерсеге карабоо, алды-артына карабоо. Алды-кийинин карабай Аябай каргап таштады («Семетей»).
|