Меню
Эл-Сөздүк

кекиртек

кекиртек, кекиртеги, ке киртекке
кекиртеги бузулуу
кекиртегин майлоо

кекиртек

зат. 1. Адамдын, жаныбарлардын ооз көңдөйүнүн арткы бөлүгүнөн өпкөгө чейинки аба жүрүүчү түтүкчө.
2. Алкым, моюндун кекиртек орношкон жагы. Арыстандай кекиртектен алып жыктың (Бөкөнбаев).
¨ Кызыл кекиртек — 1) кур кыйкырыкчыл, орунсуз эле бир нерсени талашып кыйкыра берүүчү, талашчаак, чыр. Кээ бир адам оозуңду ача электе эле кызыл кекиртек болуп айтышууга даяр турат («САЖИ»); 2) тамак, оокат. Кызыл кекиртек айынан мында келдим (Абдукаримов). Куу кекиртек — тамагы жаман, өзүмчүл, сараң, катуу. Азимжан, Турдубайдай куу кекиртектин отурган жерин кетмендеп салуу керек (Бөкөнбаев). Өз кекиртегин ойлоо — өз тамагын, өз кызыкчылыгын ойлоо.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: