Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - кара-
 

КАРА-БАЛТА

 
КАРА-БАЛТА — топоним. Эпосто кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүүчү жер тандаган учурда эскерилет: «Кара-Балта ашамын, Кайыңдыны басамын» (Радлов жазып алган вариант, 146). Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосундагы ашуу, анын түндүк капталындагы өзөн, өрөөн.

КАРА-КЫР

 
КАРА-КЫР — топоним. Алоокени жеңип Манасты кан көтөргөндө:
Алтын казган казына
Кенимди кошо берейин
Чай алуучу Кара-Кыр
Жеримди кошо берейин (Саякбай Каралаев, 1. 211),— деп айтылат.


КАРА-ШААР

 
КАРА-ШААР (Чоң шаар маанисинде) — топоним. Эпостун негизги варианттарында учурайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: «Жери Шыйкуу, Суушаңда, Калаасы Кара-Шаар болуп, Жердеген экен ошондо» (Сагымбай Орозбаков, 1. 155),— деп Жакыптын жердеген мекени катары айтылса, кээде кытайдын жери (шаары) катарында да учурайт:
Беш калааны айланып,
Бээжин минер мал экен.
Кара-Шаарды айланып
Калдайлар минер мал экен (Сагымбай Орозбаков, 3. 191).

Чоң казатка аттанган Манастын колу Бээжинге бараткан жолдо К.-Ш. аркылуу өткөну айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 92).

КАРА-БУЛАК

 
КАРА-БУЛАК — топоним. Кыргыздар Ала-Тоону душмандан бошоткондо К.-Б-тын белинен бейшекел, коңур эли менен беттешип жеңип чыгышат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 225-б.). Аталган топоним Кичи-Кемин аймагында окшойт. Буга мындагы Бейшеке, Коңур, К-Б. өңдүү жер-суу аттарынын кезигиши далил боло алат.

КАРА-КЫРЧЫН

 
КАРА-КЫРЧЫН — топоним. Кытайлар менен болгон экинчи урушта атынан жана кырк жолдошунан ажырап жоонун курчоосунда жөө калган Манасты көп колу менен келген Кошой куткарат. Ошондо өз жерине кайткан жоокерлердин жолунун сүрөттөлүшүндө: «Кайра тартып Алтайдан, Кара-Кырчын, Тал-Мазар Бойлоп көп кол конду эле» (Саякбай Каралаев, 1. 161),— деп айтылат.

КАРА-ЭМИЛ

 
КАРА-ЭМИЛ — топоним. Нескара менен болгон урушта бошотулган маңгулдарга Манас баатыр кыргыз эли менен канатташ жашоону сунуш кылып «Кара-Эмилди, Кажырты Как ошону жердеңер» (Сагымбай Орозбаков, 1. 211),— деп аларды Эсенкандын баскынчыларына каршы күрөшүү үчүн дайым даяр турууга чакырат.

КАРА-БУУРА

 
КАРА-БУУРА — топоним. Манастын эли такай мекендеген жерлердин бири. Эпосто: «Кара-Буура, Чаткалда, Кайкалап кыргыз жатканда» (Саякбай Каралаев, 1. 172),— деп сүрөттөлөт. Бул К.-Б. Таластын сол алабындагы суу жана аймак. Азыркы кезде Бакай-Ата жана К.-Б. райондорун ажыратып турган өзөн. Анын боюнда К.-Б., Бейшеке, Тамчы-Булак жана башкалар кыштактар жайгашкан. Талас менен Чаткалды байланыштыруучу жол ушул К.-Б. аркылуу өтөт.

КАРА-КЫШТАК

 
КАРА-КЫШТАК, Кара-Кишлак — топоним. «Мажму ат-таварих» боюнча К. -К. Манас баатыр мекендеген жер катары айтылат. Калмактар менен кыргыздардын урушунда Манас он үч жеринен катуу жарадар болуп, калмак каны Жолой К.-К-ты талап, Якуб-бекти (Жакып) туткундап кетет. Жолойдун кол алдындагы Тубай деген киши К. -К-ка келип Манасты ууландырат. Тубай дагы Көзкаман сыяктуу калмактан аял алып, алардын динине кирип, кыргыздарга келип чыккынчылык кылат. Тубайдын Манасты ууландырышы, башкы баатырдын өлүп, тирилиши жөнүндөгү окуя К.-К-та өтөт. «Манас» эпосунун негизги варианттарында да К.-К. кыргыздардын байыркы мекендеген жерлеринин бири катары айтылат. Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, азыркы Мерке районунун аймагында жайгашкан өрөөн. Баш жагы кенен, түндүк-батышта Терек суусу кошулгандан кийин, Кара-Дөбөнүн тушунда кууш капчыгайга айланат. К.-К. мал-жанга ыңгайлуу; жайкысын — жайлоо, кышкысын кары аз болгондуктан кыштоо катары пайдаланылат.
К. Сейдакматов

КАРА-ДЕҢИЗ

 
КАРА-ДЕҢИЗ — топоним. Каныкей Тайторуну чапканда ат айдоочу Эшенчалга күлүктөрдү К. -Д -ден коё берүүнү тапшырат. Эпосто К.-Д. «Чып этип ууртар суусу жок, чымчып жээр чөбү жок, Боз мунарык, күйгөн кум» — нечен чөлдөрдүн, ашып өткүс адыр, белдердин эң наркы жагындгы жер катары сүрөттөлүп, тулпарларды алыскы жолго чабуу аркылуу,
Тайторунун чыныгы талыбас күлүктүгү көрсөтүлөт. Географиялык реалияда К. -Д. Европа менен Азиянын ортосундагы деңиз.

КАРА-КЫЯ

 
КАРА-КЫЯ — топоним. Туткундардын кайра кошулушу окуясында Күлчоро «Кара-Кыя капчалга Жол салганда бир өлбөй» (Курама варианты, «Сейтек», 66),— деп арман кылат. Географиялык реалияда Кыргызстанда К.-К. сыяктуу тоо беттерин кыялап кесип өткөн чыйыр жолдор өтө көп.

КАРА-ДӨБӨ

 
КАРА-ДӨБӨ — топоним. Күлчоро, Каныкейлер Таласка келгенде, «Бере, Кара-Дөбө кайкаңча Берендер ордо аткан жер» (Курама варианты, «Сейтек», 165) экендиги эскерилет. Жердин рельефине байланыштуу географиялык реалияда Кыргызстандагы көптөгөн топонимдер ушундай аталат.

КАРА-ӨТКӨЛ

 
КАРА-ӨТКӨЛ — топоним. Манас баатыр баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчөр алдында казактардын уруу башчысы Көкчө жер чалып кайра кайткан учурда «Кара-Өткөл деңиз көл менен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 154) өткөнү айтылат.

КАРА-КАШАТ

 
КАРА-КАШАТ — топоним. Кыястын өлүмү окуясында: «Кара-Кашат тоосуна, Кароол-Таштын боюна, Чыгып Кыяс караса» (Курама варианты, «Сейтек», 122) Тооторуну минип Күлчорого келген Чүрөктүн көрүнгөнү айтылат. Географиялык реалияда Кыргызстандын аймагында К.-К. аттуу бир нече топоним кездешет.

КАРА-ӨТӨК

 
КАРА-ӨТӨК — топоним. Алооке кандын Анжыяндан качып кетишин баяндаган окуя боюнча бош калган Анжыянга Манас колу менен келип, К. -Ө. жерине кыштайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 230).

КАРА-КӨЛ

 
КАРА-КӨЛ — топоним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жана Радлов жазып алган вариантта кездешкен көл. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн кырк ашында байгеге чабылган аттар айдалып барып, кайра коё берген жердин чеги катары айтылат.
Барганы деңиз Кара-Көл
Мага ишенбей барып көр...
Камышы көп жер экен,
Камышы үйдөн жоон экен,
Кайтарар жери шол экен (Сагымбай Орозбаков, 3. 62—63).


КАРА-САЗ

 
КАРА-САЗ, к. Жүйүрмөнүн Кара-Саз.

КАРА-КУЛЖА

 
КАРА-КУЛЖА — топоним. Эпосто сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: «Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына» (Сагымбай Орозбаков, 2. 163); «Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көк-Арт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) деген саптардан көрүнгөндөй К.-К. Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында К. -К-нын элдик этимологиясы мындайча чечмеленет:
Кароолдуктун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара Кулжадан,
Көбүн атып салыптыр.
Акыр заман журтуна
Кара-Кулжа атагы
Так ошого калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 170)...
Капкара болгон Кулжадан
Элүү төртүн атышып...
Баатырлар жолго салыптыр,
Кара-Кулжа атакка
Жер атагы калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).

Географиялык реалияда К.-К. азыркы Ош обл-нын түндүк-чыгышында жайгашкан аты уйкаш дарыя жана анын чөлкөмү.
С. Алиев

КАРА-СУУ

 
КАРА-СУУ — топоним. Эпосто Алтайда, ошондой эле Ала-Тоодо да кезигет. Манастын жентек тою К. -С-нун боюнда өткөрүлгөн.
Жакып бай жайнай конуптур
Үч-Аралдын түзүнө,
Каңды тоонун оюна,
Кара-Суунун боюна.
Карап тургун калайык
Кан Жакып кылган тоюна (Сагымбай Орозбаков, 1. 77).

Географиялык реалияда Алтай тараптагы жерлердин бири.

КАРА-КУМ

 
КАРА-КУМ — топоним. Манастын төрөлүшүндөгү жентек тойго келген калмактардын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 76). Жакып элди чогултуп Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндө кеңеш курганда, ар бир элдин көчүп баруучу жеринин орду аныкталганда:
Жетиген жагын карасак,
Жерин өлчөп санасак
Илепси бар Кара-Кум
Күн чыгышы Сары-Арка
Күлдү баары казакта (Сагымбай Орозбаков, 2.15)

делип К. -К-дун аты аталат. Эпостогу эпикалык К. -К. Казакстандын Балкаш тараптагы чөлү менен байланыштуу.

КАРА-ТАШ

 
КАРА-ТАШ — топоним. Эпосто Манас Бээжинге кол топтоп аттанганда басып өткөн жерлердин бири:
Как Чөмүчтүн башына,
Кашага, Кара-Ташына
Кымкаптаган чатырга,
Чай кайнатып нан салып,
Сары аякка бал салып,
Чатыраш ойноп даң салып (Сагымбай Орозбаков, 4. 112 — 113).

Географиялык реалияда Чүйдүн Чөмүч өрөөнүндөгү микротопоним.

КАРА-КУРУМ

 
КАРА-КУРУМ — топоним. Эпостун сүрөттөөсү боюнча Каар аярдын баласы Култаң баатыр качып, Терс-Маёодогу Текес канга барып К.-К. талаасына Манас көп кол менен келгенин айтат (Сагымбай Орозбаков, 2. 34).

КАРА-ТАШ

 
КАРА-ТАШ — топоним. Манастын кытай-калмактар менен болгон экинчи жолку урушунда душмандардын Каражой мергени (Кожожаштын атасы) «Алачыктай кара таш Кара-Таштан Манасты» (Саякбай Каралаев, 1. 156) тосуп, анын Торучаар тулпарын атып өлтүрөт.

КАРА-АЛМА

 
КАРА-АЛМА — топоним. Шоорук кан Алайда жаткан окчу кыргыз уруусун чаап алганда Манас кол курап, элге кабар жибергенде кыргыздар жашаган жер катары эскерилет: Кара-Кулжа тарынан, Көкүрөк, Көгарт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен, Калба деп кыргыз элинен (Сагымбай Орозбаков, 2. 206). Географиялык реалияда Көгарт алабындагы өзөн, өрөөн.

КАРА-КҮНГӨЙ

 
КАРА-КҮНГӨЙ — топоним. Кытай-калмактар басып алган ата журтун бошотуу үчүн Алтайдан Манас баш болуп аттанып чыккан кыргыздардын Мунаркан баштаган колу Кочкор өрөөнүн башкарган калмак жаң-жуңу Арсы менен беттешип, анын аскерин талкалаган жер (Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 514—520-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы аймак, тоо жана өзөн.

КАРА-ҮҢКҮР

 
КАРА-ҮҢКҮР, к. Кайыпчынын Кара-Тоосу.

кара-

 
кара-

Найти все переводы слова "кара-" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "кара-"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru